Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:33

Мамытованын мандаты Улугбек Ормоновго тиет


Лунара Мамытова
Лунара Мамытова

Өткөн жумада мандатын өз арызы менен тапшырган “Бир Бол” партиясынын мүчөсү Лунара Мамытованын ордуна Улугбек Ормонов депутаттык мандат алат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жыйынга чогулуп, Мамытованын арызын карайт. Анын ордуна “Бир Бол” партиясынын тизмесиндеги Улугбек Ормоновго мандат берүү маселеси каралат.

Лунара Мамытова Борбордук шайлоо комиссиясына арызды 29-апрелде бергенин айтып чыккан. Ал мындай кадамды өз каалоосу менен түшүндүргөн.(BkA)

XS
SM
MD
LG