Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:52

Сирия: качкындар лагеринде 28 адам аба чабуулунан мерт болушту


Качкындар лагери чабуулдан кийин.

Качкындар лагери чабуулдан кийин.

Бейшембиде Сириянын түндүгүндөгү Идлиб провинциясында качкындар лагерине абадан жасалган чабуулдан 28 адам набыт болду. Анын ичинде аялдар жана балдар бар экени кабарланат.

Бул тууралуу Британиядагы сириялык укук коргоочулар тобу билдирди.

Абадан чабуулду кимдер жасаганы азырынча тактала элек.

Сирия оппозициясына ыктаган жергиликтүү координациялык комитеттердин мааалымдашынча, аба чабуулунан кийин лагерде өрт чыккан. Фейсбукта жайгаштырылган сүрөттөрдө ондон ашык чатырлардын өрттөнүп жатканы көрүнүп турат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG