Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:33

“Өнүгүү-Прогресс” орусиялыктарга жардам көрсөтөт


Ысык-Көлдөгү эс алуу жайы.
Ысык-Көлдөгү эс алуу жайы.

Жогорку Кеңештеги “Өнүгүү-Прогресс” партиясы Сириядагы террорчуларга каршы операцияда курман болгон орусиялык аскерлердин үй-бүлөлөрүн Ысык-Көлдө эс алууга чакырат. Мындай маалыматты аталган партиядан Жогорку Кеңешке депутат Тазабек Икрамов “Азаттыкка” ырастады.

Анын айтуусунда, партиялаштар Сириядагы террорчуларга каршы күрөшүп жаткан аскерлерге тилектештик билдирүү максатында ушундай демилгени көтөргөн. Курман болгон орус жоокерлердин үй-бүлөлөрүнүн, жакындарынын Ысык-Көлгө келип-кетиш чыгымдарын партия өзүнө алмакчы.

Орусия 2015-жылдын 30-сентябрынан бери Сирияда террорчуларга каршы операциясын улантууда. Анын жүрүшүндө бир нече орус аскерлери курман болду.

Москва “Ислам мамлекети” тобу баш болгон террордук уюмдарга гана сокку уруудабыз деп ырастаганы менен, Батыш өлкөлөрү жана Түркия бийликтери Орусия сириялык оппозицияны гана алсыратуу аракетин көрүп жатканын айыптап келишет.(BkA)

XS
SM
MD
LG