Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:54

Казакстан: Жер кодексине мораторий тууралуу СМС таратылууда


СМС каттар.

СМС каттар.

«Алтел», Tele2, «Билайн» жана Kcell аттуу казакстандык уюлдук операторлор абоненттерине президент Назарбаев Жер кодексине өзгөртүүгө мораторий киргизгени тууралуу СМС жөнөтүүдө. Бул тууралуу “Азаттыктын” казак кызматы кабарлады.

Анда президент Назарбаев “Жер кодексинин коомчулукта талаш жараткан бир катар нормаларынын иштешине чек койгону” тууралуу айтылат.

Өлкөдө кодексти өзгөртүүгө каршы массалык нааразылыктар 24-апрелден бери курчуган. Митингге чыккандар бийликке каршы чакырыктарды жасашкан. Алардын айрымдары кармалып, административдик жазага да тартылды.

Назарбаев алгач бул акцияларды кутумчул күчтөр уюштурганын билдирген. Бийликчил маалымат каражаттары "Батыштын колу бар" экенин жар салышкан.

Коңшу өлкөдө өзгөртүлгөн Жер кодекси 1-июлдан күчүнө кирмек. Бирок, талаш маселелерден улам ал токтотулганын 5-майда мамлекет башчы билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG