Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:31

Эл аралык тил жана маданият фестивалынын гала-концерти өтүүдө


Бишкектеги тил жана маданият майрамы.

Бишкектеги тил жана маданият майрамы.

Фестивалдын гала-концерти Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт сарайында өтүүдө. Фестивалга Кыргызстан, Филиппин, Мозамбик, Бангладеш, Ооганстан, Орусия, Украина, Индия, Түштүк Африка, Казакстан, Азербайжандан келген окуучулар катышып, өнөрлөрүн тартуулап жатышат.

2-майда башталган фестивалга 13 өлкөдөн келген фестивалдын катышуучулары Кыргызстандагы тарыхый жайларды кыдырып, расмий өкүлдөр менен жолугушуу өткөрдү.

Эл аралык тил жана маданият боюнча фестиваль экинчи жолу өткөрүлүп жатат. Буга чейин башка АКШ, Бельгия, Казакстан, Германия, Түркия, Голландия сыяктуу өлкөлөрдө өткөрүлгөн. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG