Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:57

Өзбекстандыктарга “Георгий тасмасынын” ордуна өзбек байрагынын өңүндөй тасмаларды колдонуу сунушталууда.

Тартип сакчылары автоунааларды токтотуп, күзгүлөргө байланган “Георгий тасмаларын” алууга буйрук берип жатышканы айтылат.

Ташкендин тургуну Маруфжон билдиргендей, милиция бул аракетин автоунааны башкарууга тоскоол болот деген шылтоо менен түшүндүрүүдө.

Uzmetronom интернет басылмасы өзбек тартип сакчылардын мындай жоруктарына даттануулар 4-майдан тарта эле түшүп баштаганын кабарлады.

“Азаттыктын” өзбек кызматынын өздүк булагы билдиргендей, “Георгий тасмасын” тагынууга жана уруксатсыз иш чараларды өткөрүүгө бийликтен тыюу салынган.

Ушул жумада Орусиянын Ташкендеги элчилиги “Георгий тасмаларын” бекер таратуу боюнча акция баштаган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG