Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:02

Капаров: “Аскер каза болгон бөлүктүн командирлерине чара көрүлөт”


Башкы штабдын жетекчиси Жаныбек Капаров.
Башкы штабдын жетекчиси Жаныбек Капаров.

Бул тууралуу Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын жетекчиси Жаныбек Капаров "Азаттыкка" билдирди. Анын айтуусунда, Улуттук гвардиянын Кара-Көл шаарындагы аскер бөлүгүндөгү жоокер өлүмү иликтенип жатат. Капаров чатакташкан эки аскер тең бирге чакырылганын жана ортосундагы чатактын себептери аныкталып жатканын кошумчалады.

Ошондой эле Башкы штаб башчысы иликтөө жыйынтыгы менен командирлердин күнөөсү аныкталса, мыйзамда каралган бардык чаралар көрүлөрүн билдирди.

4-майдын кечинде Кара-Көлдөгү аскер бөлүктөн эки жоокер мушташып, бейтапканага түшкөн. Мушташкан жоокердин бири көз жумган.

Каза болгон жоокер 19 жаштагы Алай районунун тургуну экени жана былтыр күздөн бери милдетин өтөп жүргөну маалымдалууда.

Кыргызстанда акыркы төрт жыл ичинде 62 аскер көз жумган. Анын 70 пайызы өз жанын өзү кыйган.(BkA)

XS
SM
MD
LG