Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:46

Молдова: Оппозиция америкалыктардын парадга катышуусуна каршы


Молдовадагы орусиячыл саясатчылар өкмөттүн америкалык аскерлерди 9-май майрамына чакырышына нааразычылыгын билдиришти.

Америкалык 200 чамалуу аскер Молдовага 3-майда биргелешкен машыгуу өткөрүү үчүн келишкен. Машыгуу 20-майга чейин уланат.

Коммунисттик партиянын лидери Владимир Воронин өлкөдөгү АКШ элчиси Жеймс Петтитти 9-майда борбордук аянтта америкалык аскер техникаларын өткөрбөөгө чакырды. Саясатчы бул күтүлбөгөн натыйжаларды бериши мүмкүндүгүн кошумчалаган.

Мурдараак өкмөттүн чечимине оппозициялык социалисттик партия каршы чыккан. Алар талаптары аткарылбаса америкалык аскерлерди жумуртка чабуулуна аларын айтышкан.

Элчи Жеймс Петтит айрым молдовандар АКШ нацисттик Германияны жеңген альянстын бир бөлүгү болгонун унутуп калганына өкүнүчүн билдирди.

XS
SM
MD
LG