Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:08

Москва: теракт жасоого шектелгендердин бири кыргызстандык экени айтылууда


"Ислам мамлекети" террордук тобуна кошулган борбор азиялык согушкерлер
"Ислам мамлекети" террордук тобуна кошулган борбор азиялык согушкерлер

Москвада теракт жасамак болгон деп кармалган 12 адамдын бирөө кыргызстандык. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Калган тогузу Өзбекстан, экөө Орусиянын жарандары экени кабарланат. Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Москвадагы өкүлү Аскат Алиев да бул боюнча расмий маалымат ала электигин билдирди.

Орус медиасы Федералдык коопсуздук кызматына шилтеп жазганына караганда, бул топтун мүчөлөрү баш калкалап турган Новоясеневск көчөсүндөгү бир үйдү тинтүүдө көптөгөн курал-жарак, жардыргыч заттар, теракт жасоого керектүү жабдыктар жана экстремисттик мазмундагы китептер табылган.

Шектүүлөр 4-майда кармалышкан. Алар Сирия менен Түркиядагы террордук уюмдардын тапшырмасы менен Орусия баш калаасында май майрамдары учурунда эл көп чогулган жерлерде удаама-удаа теракттарды жасоого белсенгени, шектүүлөрдүн экөөнөн буга далил катары аталган өлкөлөрдөгү согушкерлер менен кат алышуулары табылганы айтылат.

XS
SM
MD
LG