Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:56

Аксыда селден 50 турак үй зыянга учурады


Жалал-Абаддын Аксы районунда селден 50 турак жай ар кандай даражада жабыркады. Анын ичинен эки үй жараксыз абалга келсе, 31 үй-бүлө башка жакка көчүрүлүшү керек. Бул тууралуу “Азаттыкка” өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов билдирди.

Министрдин айтымында, район аймагында 192 баш малды сел агызып кеткен. Учурда селдин кесепетин жоюу иштери жүрүп жатат. 14 үй-бүлө убактылуу чатырларга көчүрүлдү.

Бүгүн премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Аксы районундагы селден жабыр тарткан айылдардагы абал менен таанышты. Сооронбай Жээнбеков кырдаал көзөмөлгө алынарын жана жергиликтүү калкка жардам көрсөтүлөрүн билдирди. (BkA)

XS
SM
MD
LG