Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:27

Казакстанда министрлер алмашты


Астана шаары
Астана шаары

Казакстанда Айыл чарба министрлигине Аскар Мырзахметов, Улуттук экономика министрлигине Куандык Бишимбаев дайындалышты. Ал эми мурдагы министрлер ишиндеги кемчиликтер үчүн 5-майда кызматтарынан алынган.

Ошол эле учурда Маалымат жана коммуникация министрлиги түзүлүп, аны президенттин маалымат катчысы Даурен Абаев жетектей баштады.

Жаңы министрлик бардык маалымат мейкиндигине, анын ичинде интернетке, социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүп, коомдук пикирди талдайт. Маалымат жаатында башка да функциялары бар.

Казакстанда Жер кодексине өзгөртүү киргизүү демилгесине нааразы болгон эл 24-апрелден тарта нааразычылык акцияларын уюштурушкан. Өзгөртүү жерди узак мөөнөткө чет өлкөлүктөргө ижарага берүүгө жана аукцион аркылуу сатууга мүмкүндүк бермек.

Каршылыктын күчү менен президент бул кодексти өзгөртүүгө мораторий киргизди.

XS
SM
MD
LG