Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:45

Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган жарандарынын Европага визасыз кириши үчүн терроризмге каршы күрөшүү боюнча мыйзамды өзгөртпөй турганын билдирди.

Бул тууралуу ал Стамбулдагы жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу мекемесинин имаратын ачып жатып айтты.

Билдирүү Европа өлкөлөрү менен сүйлөшүүлөрдү активдүү жүргүзгөн, президент менен тил табыша албай калды делген Ахмед Давыдоглунун отставкасынан бир күндөн кийин жасалды.

Мурдараак Евробиримдик түркиялыктардын Шенген визасын алышы үчүн Түркия терроризмге каршы күрөшүү боюнча мыйзамын кайра карап чыгышы керек деген талап койгон.

“Түркия террористтик уюмдардын, аларды түз же кыйыр колдогондордун чабуулуна кабылган учурда Евробиримдик терроризмге каршы мыйзамыңарды өзгөрткүлө деп айтууда. Биз өз жолубуз менен кетебиз, силер өз жолуңар менен”, деди Эрдоган Европа өлкөлөрүнө кайрылып.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG