Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:53

Эл аралык радио күнү белгиленүүдө


Бүгүн дүйнөнүн көпчүлүк мамлекеттеринде эл аралык радио күнү белгиленип жатат. 1895-жылы 7-майда орус физиги Александр Попов алгачкы радио байланышты сынап көргөн.

Кыргызстанда радио түйүндөр 1927-жылы иштей баштаган, 1931-жылы 19-декабрда Кыргыз АССРинин Элдик Комиссарлар Советинин алдында Радиокомитет уюштурулган. Бул дата Кыргыз телерадиосунун түптөлгөн күнү болуп эсептелет.

Учурда радио интернеттен кийинки эле эң ыкчам маалымат булагы болуп саналат. Кыргызстанда азыр жыйырмадан ашык радиоканал бар. Алардын дээрлик баарында саат сайын жаңылыктар окулуп турат. “Азаттык” радиосунун кыргызча берүүлөрү алгач ирет 1953-жылдын 13-мартында обого чыккан. (NT)

XS
SM
MD
LG