Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:54

Кыргызстанда сел коркунучу сакталууда


Ош, Жалал-Абад, Талас облустарынын бир катар райондорунда 6-майда сел жүрдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, Ош облусунун Кара-Суу районунда Ош-Эркечтам каттамынын сел тосуп калган.

42-43-чакырымы бүгүн ачылды. Папан айыл аймагынын Алчалуу айылында ички чарбалык жолдор зыянга учурап, азыр тазалоо иштери жүрүүдө. Жалал-Абад облусунун Аксы районунда тазалоо иштери уланып, сел келтирген чыгымдар эсептелүүдө. Үй-жайын сел алып кеткен үй-бүлөлөр убактылуу чатырларда күн өткөрүп жатышат. Ал эми Кара-Суу дарыясынын сол жээгинде жайгашкан жети турак жай, айыл өкмөттүн имараты, ички чарбалык жол жана Чоң-Арык каналы дарыянын ташкындоосунан кооптуу абалда турат. Өлкөдө нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу 11-майга чейин сел коркунучу сакталууда.​ (NT)

XS
SM
MD
LG