Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:08

Иракта 50дөй адам көмүлгөн жай табылды


Ирактын армиясы ИМ тобунун желегин кармап, аларды жеңгенин көргөзүүдө. Анбар провинциясы, 5-май, 2016-жыл

Ирактын армиясы ИМ тобунун желегин кармап, аларды жеңгенин көргөзүүдө. Анбар провинциясы, 5-май, 2016-жыл

Өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атап алган экстремисттик топ көзөмөлдөгөн Ирактын аймактарында 50дөн ашык адам жапырт көмүлгөн жер табылды. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун Ирактагы өкүлү Ян Кубиш билдирди. Анын айтуусунда, бул көрүнүш аталган топтун мыкаачылык менен жасалган кылмыштарына түздөн түз далил боло алат.

Апрелде Ирактын борбордук бөлүгүндөгү Рамади шаарында бир нече көрүстөн табылып, анда кыркка чукул адам көмүлгөнү тууралуу божомолдор айтылган.

“Ислам мамлекети” тобунун согушкерлери аталган шаарды 2015-жылдын май айында басып алып, быйыл февралда Ирак өкмөтү толук кайтарып алган. Согушкерлер баарынан мурда Ирак армиясынын жоокерлерин, езиддерди өлтүргөн. Адамдын сөөгү массалык көмүлгөн жайлар буга чейин ар кандай экстремисттик уюмдар бийлик жүргүзгөн Сириянын аймактарынан да кездешүүдө. Пальмирада кырктай сириялык аскерлер менен ыктыярдуу кошуундардын өкүлдөрү, аялдар менен балдардын сөөгү табылган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG