Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:22

Кыргыз радиосунун 85 жылдыгына карата салтанат өтүүдө


Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өтүп жаткан иш--чарада Кыргыз радиосу менен кызматташкан жана коңшу өлкөлөрдүн эл аралык маалымат каражаттарынын жетекчилери, бийлик өкүлдөрү, депутаттар, журналисттер, КТРКнын ардагерлери катышууда.

Келген коноктор радионун 85 жылдык мааракеси менен куттукташты. Азыркы учурдагы радионун мааниси, мамлекеттеги орду, башка өлкөлөрдөгү тажрыйбаcs тууралуу да сөздөр айтылып, салтанат концерттик программа менен коштолууда.

Кыргыз радиосу 1931-жылы негизделген. 2009-жылга чейин Улуттук мамлекеттик радио катары иштеп келсе, андан кийин беш радиодон турган бирикме түзүлгөн. Алар – Кыргыз радиосу, “Биринчи радио”, “Миң Кыял”, “Достук” жана “Балдар ФМ”. Кыргыз радиосу - улуттук идеологияны жүргүзүү, калкка рухий азык таратуу, “Биринчи радио” – маалымат-талдоо, калгандары музыкалык-маанайшат, тарбия, элдердин достугу багытында иш алып барат. (NT)

XS
SM
MD
LG