Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:28

Amnesty International Азимжан Аскаровду бошотууга чакырды


Amnesty International эл аралык укук коргоо уюму Кыргызстандын Жогорку Сотунун Азимжан Аскаровдун ишин кайра кароо тууралуу чечимин колдойт. Бул тууралуу аталган уюмдун 4-майдагы кайрылуусунда айтылат. Анда Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча комитетинин чакырыгынан кийин Жогорку Соттун чечимине оң баа берилген. Уюм укук коргоочу Азимжан Аскаровду “абийир туткуну” деп атап, аны абактан токтоосуз бошотуп, медициналык кароодон өтүүсүн камсыздоого кыргыз бийлигин чакырган.

“Мыйзам талап кылгандай, Азимжан Аскаров өзүнө козголгон кылмыш ишин кайра кароо жана бошотуу тууралуу 27-апрелде Жогорку Сотко арыз менен кайрылды. Эми бул ишти териштирүүгө эч кандай тоскоолдук жок”, - деди Amnesty International уюму.

Ошондой эле БУУнун адам укуктары боюнча комитетинин чечимине ылайык, Кыргызстан Аскаровду тез арада эркиндикке чыгарып, ага келтирилген зыянды төлөп берүүгө, соттуулукту жокко чыгарууга тийиштигин эске салды.

Улуттар Уюмунун Адам укуктары комитетинин эксперттери 20-апрелде Азимжан Аскаровду абактан бошотуп, аны айыптаган өкүмдү жокко чыгарууга, зарыл болсо жаңы соттук жараян жүргүзүүгө Кыргызстанды чакырган. 25-апрелде Жогорку Сот Аскаров арыз менен кайрылса, жаңы жагдайларды териштирип көрүүгө даярдыгын жарыялаган.

Азимжан Аскаров 2010-жылы июнь окуясында улуттук кастыкты козуткан, массалык башаламандык уюштурган жана милиция кызматкерин мыкаачылык менен өлтүрүүгө катышкан деген айып менен өмүр бою эркинен ажыратылган. Аталган окуяда каза тапкан милиция кызматкери Мыктыбек Сулаймановдун жакындары Аскаровдун ишин кайра кароого нааразы болуп жатышат. Кыргыз бийлиги болсо Аскаровдун күнөөсү толук далилденгенин айтып, бошотуудан баш тартып келет. Жергиликтүү юристтер БУУ комитетинин чечимин сунуш катары сыпаттап, сот камактагы укук коргоочу актоо эмес, жаза өтөө шартын жакшыртуу багытында гана чечим кабыл алышы мүмкүндүгүн айтышууда. (NT)

XS
SM
MD
LG