Чолпон-Ата шаарында жайгашкан Чыңгыз Айтматов атындагы «Рух Ордо» этнокомплексинде жайкы туристтик сезон салтанат менен ачылды.
Ачылыш азем эл аралык туристтик жармаңке жана ыр-бий фестивалы менен коштолуп жатат. Эл аралык жармаңкеге Кыргызстан, Орусия, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандан 39 туроператор катышууда. Кыргызстандын 70тей пансионаты менен ден соолукту чыңдоо санаторийлери, курорттор өздөрүн тааныштырууда. Салтанатта Ысык-Көл облусунун ар бир району бирден боз үй тигип, пансионаттар улуттук каада-салттарга, жөрөлгөлөргө басым жасаган. Көл кыласында быйыл туристтик мезгил бир ай эрте ачылды. (NT/AsM)