Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:34

Түндүк Корея ядро сыноого камынууда


Түндүк Корея жакынкы күндөрү бешинчи жолку ядролук куралын сыноого даярданып жатканын АКШдагы Жон Хопкинс университетинин аналитикалык борбору билдирди. Аталган борбордун мындай тыянагына Пангири ядролук талаасында 5-майда спутниктен тартылган сүрөттөр негиз болгон. Анда аталган талаага автоунаалардын чогулганы байкалган. Эксперттер муну сыноо өткөрүү борбору катары баалашууда. Буга чейин полигондун жанында автоунаа кыймылы байкалчу эмес, дешет алар.

Түштүк Корея да коңшусу ядролук курал сыноону көздөп жатканын жарыялап, жалпыга маалымдоо каражаттары Пангири талааында активдүүлүк күчөгөнүн кабарлаган.

Кечээ Пхеньянда Кореянын Эмгек партиясынын соңку 40 жылдан берки алгачкы курултайы ачылды. Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын өз өлкөсүнүн ядролук программасындагы жетишкендиктер тууралуу сөз сүйлөдү. Жыйын катышуучуларынын арасында төрт күнгө созулган курултай учурунда бешинчи өзөктүк сыноо болушу ыктымал деген кептер жүргөнү кабарланууда.

Пхеньян акыркы жолу 6-январда ядролук куралын сынаган. Бийлик суутек бомбасына байкоо жүргүзүлдү дегени менен дүйнө коомчулугу ага ишенбей, Түндүк Кореяга карата жаңы санкциялар жарыяланган эле.

XS
SM
MD
LG