Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:56

Армения Азербайжанды элдешүү жараянын бузду деп айыптоодо


Тоолуу Карабактагы азери аскери
Тоолуу Карабактагы азери аскери

Армениянын Коргоо министрлиги түндө Азербайжан тараптан ок атуулар болгонун, анда 82 миллиметрлик минометтор колдонулганын жарыялады. “7-майга оогон түнү армян-азери чек арасынын түндүк-чыгыш бөлүгү ок атууларга кабылды”, - деп айтылат Еревандын билдирүүсүндө.

Азербайжандын дарегине мындай айыптоолорду буга чейин Тоолуу Карабактын өкүлдөрү да айтышкан. Баку азырынча дооматка жооп кайтара элек.

Азербайжан менен Армения ортосундагы Тоолуу-Карабак жаңжалы 1990-жылдан башында чыгып, аймак Ереванга ыктаган жикчилдердин колуна өткөн. Согуш учурунда Азербайжан бир нече райондорун да тарттырып жиберген. 1994-жылы Кыргызстандын ортомчулугу менен согушту токтотуу келишимине кол коюлган.

Быйыл 2-апрелде абал кайрадан курчуп, салгылашууда эки тарап тең бир нече аскерин жоготту. Ошондон бери кырдаал чыңалып турат.

5-апрелде тараптар тынчтык келишими жетишилгенин, ок атышуулар токтотулганын жарыялаган. Көп узабай эле келишимдин шарттарын бузду деп бири-бирин айыптай баштады. Армения өкмөтү 5-май күнү Тоолуу Карабакты көз карандысыз республика катары таануу боюнча мыйзам долбоорду жактырды. Бирок парламент аталган документти караган жок.

XS
SM
MD
LG