Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:34

Бишкектин мурдагы мэри, үч жылдан бери абакта отурган Нариман Түлеев бүгүн мөөнөтүнөн мурда боштондукка чыкты. Бул тууралуу «Азаттыкка» Жаза аткаруу кызматынын маалымат катчысы Элеанора Сабатарова билдирди.

Анын айтымына караганда, Бишкектин мурунку шаар башчысы мамлекет койгон айып пулду толугу менен төлөдү.

Бишкектин Ленин райондук соту 2013-жылы июлда Түлеевди 11 жылга эркинен ажыраткан. Шаардык сот 2014-жылы ишти кайра карап, өкүмдү күчүндө калтырган. Нариман Түлеевге Бишкектин мэри кезинде Кытайдан автобустарды сатып алууда мамлекетке 33 миллион сомго жакын зыян келтирген деп айып тагылган. Мындан тышкары таштанды ташуучу унаа сатып алууда мыйзам бузган жана шаардагы бала бакчалардын бирин мыйзамсыз сатып жиберген деп айыпталган болчу. (BCh)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG