Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:53

Максим Бакиев сыртынан дагы 30 жылга кесилди


Максим Бакиев
Максим Бакиев

Бишкектин Биринчи Май райондук соту экс-президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевди сыртынан 30 жылга эркинен ажыратты. Мындай чечимди аталган сот 29-апрелде кабыл алганын Жогорку Соттон кабарлашты.

Сот Бакиев баштаган жети адамды Кылмыш кодексинин «талап тоноочулук»,«кылмыштуу кирешелерди мыйзамсыз адалдоо», «бүтүм жасоого же андан баш тартууга мажбурлоо» беренелери боюнча күнөлүү деп тапты. Максим Бакиев менен бирге айыпталгандардын арасында анын жакын санаалаштарынын бири, 2009-2010-жылдары Инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттиктин төрага орун басары болгон Алексей Елисеев жана Пулат Иминов, Сергей Ким, Денис Гладешев, Низира Иминова, Ульяна Пак бар.

Максим Бакиев атасы бийликте турган учурда өзүнүн өнөктөштөрү менен бирге башкаларга таандык мүлктөрдү күч менен тартып алган деп айыпталган.

Максим Бакиев 2010-жылы бийликтен кулатылган президент Курманбек Бакиевдин кичүү уулу. Ал атасы бийликте турган учурда Инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттикти жетектеп, өлкөдөгү таасирдүү адамдардын бири катара сыпатталып келген. Апрель ыңкылабынан соң Максим Бакиевге буга чейин жемкордук, мамлекеттин каржысына мыйзамсыз ээлик кылуу, киши өмүрүнө кол салууну уюштуруу жана башка оор беренелер боюнча сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылган. Ал азыр Лондондон башпаанек тапканы белгилүү.

Кыргыз бийлиги Максим Бакиевди Кыргызстанга кайтаруу боюнча аракет көргөнү айтылганы менен, андан эч кандай майнап чыкпай келет.(BkA)

XS
SM
MD
LG