Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:50

Алматынын борбордук аянтында 7-майда полиция кармап кеткен жыйырмага жакын адам бошотулду. Бул тууралуу “Азаттыктын” казак кызматы кабарлады. Активисттер Казакстандын Куралдуу күчтөрүнүн күнүнө карата аянттагы Төбөлсүздүк эстелигине гүл коюу үчүн чогулушкан. Андан мурун алар бийликтин айыл чарба жерлерин узак мөөнөткө чет элдиктерге ижарага берүү демилгесине каршы чыгып келишкен.

Полиция активисттерди кармоону “алдын алуу чарасы” деп түшүндүрдү.

Казакстанда Жер кодексине өзгөртүү киргизүү менен айыл чарба жерлерин узак мөөнөткө чет элдиктерге ижарага берүү демилге жарандардын нааразылыгын жаратып, бир нече аймактарда нааразылык акциялары өткөн. 5-майда казак президенти Нурсултан Назарбаев Жер кодексине өзгөртүү киргизүүгө 2017-жылга чейин мораторий жарыялаган болчу.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG