Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:18

Атай Өмүрзаков Британиядагы сынактын кийинки туруна өттү


Бийчи Атай Өмүрзаков жана “Тумар КР” тобу “Британия таланттарды издейт - 2016” (Britain's Got Talent 2016) популярдуу шоусуна катышты. Бул тууралуу Өмүрзаков социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Лондондо өнөр көрсөткөн кыргызстандык бийчилерди калыстар тобу жогору баалап, сынактын кийинки айлампасына өттү.

Атай Өмүрзаков жана “Тумар КР” тобу буга чейин Украина, Чехия жана Орусияда өткөн шоуларда көрөрмандардын жана калыстардын купулуна толуп, жеңүүчү аталган. (BkA)

XS
SM
MD
LG