Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:52

Орусияда 19,5 тонна помидор жок кылынды


Иллюстрация
Иллюстрация

Орусиянын айыл чарба көзөмөл (Россельхознадзор) мекемеси Оренбургда Казакстан аркылуу ташылып келаткан 19,5 тонна түрк помидорду жок кылды. Маалыматка ылайык, ташылып келген продукция Түркиядан экени белгилүү болгон. Ошондуктан алар трактор менен жок кылынган.

Ошондой эле Кубанда Польшадан киргизилген 20 тоннадан ашык алма жок кылынганы кабарланды.

Орусия ушул былтыр жайында Европадан, быйыл жылдын башынан тарта Түркиядан айыл чарба продукциясын ташып келүүгө тыюу салган. Мындай чечим эки өлкө ортосундагы мамиленин бузулушунан улам кабыл алынган. Андан бери орус бийлиги ташылып келген жер-жемиш, жашылчаны трактор менен тебелетип жок кылып келет.

XS
SM
MD
LG