Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:06

Экстремисттик кылмыш үчүн соттолгондор өзүнчө камераларга камалууда


Кыргызстанда диний экстремисттик кылмыш үчүн соттолгондор өзүнчө камераларга камалууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жаза аткаруу кызматынын төрага орун басары Орозбек Энтериев билдирди. Анын айтымында, мындай чара абакта диний радикалдык идеялардын жайылышын токтотууга багытталган.

Учурда өлкөдө бардык абактарда диний экстремисттик кылмыш үчүн соттолгондор өзүнчө камераларга отургузулду. Аларга карата көзөмөл күчөтүлүүдө.

Буга чейин абактарда камалгандар арасында экстремисттик багыттагы диний агымдардын идеялары жайылып жатканы айтылып, өкмөт буга каршы чара көрүү тапшырмасын берген.

Былтыр 12-октябрда Чүй облусунун Төмөнкү Нооруз айылында жайгашкан №50 түрмөдөн тогуз киши үч кызматкерди өлтүрүп качып чыккан. Алардын бешөө ошол күнү кармалып, кийинчерээк абакта каза тапса, үчөө качып кетип, бир нече күндөн кийин кармоо операциясы учурунда өлтүрүлгөн. Бирөө бутуна ок тийип кармалган. Алар диний экстремисттик уюмдардын мүчөсү болгону айтылган. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG