Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:35

Алеппонун жанындагы салгылашта Ирандын 13 аскери окко учту


Тегеран Сириядагы Алеппо шаарын бошотуу үчүн салгылашта 13 жоокери окко учканын тастыктады. Бул Сирия президенти Башар Асадды колдоо иретинде операцияга катышкан Иран күчтөрүнүн эң чоң жоготуусу болду.

Ирандын "Фарс" маалымат агенттиги Ислам революциялык гвардиясынын өкүлүнө шилтеме берип жазгандай, Алепподон 15 чакырым алыстыктагы Хан-Тумен шаарчасындагы салгылашта ирандык 13 аскер кеңешчиси мерт болуп, 21и жараат алды.

Reuters агенттиги кабарлагандай, аталган салгылашта ондогон адамдар окко учкан. Хан-Тумен шаарчасына козголоңчулардын “Ал-Нусра” тобунун бир канаты болгон “Жайш ал-Фатх" тобу кол салган.

Буга чейин аталган топ социалдык тармактарга Хан-Тумен шаарчасында өлтүрүлгөн ирандык аскерлердин сөөгү тартылган тасманы жайгаштырган.

Ушул жуманын башында АКШ жана Орусия Алепподо ок атуу токтотуу боюнча келишимге келишкен.

XS
SM
MD
LG