Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:54

“Ак илбирс”: Дүйнөлүк киного кошкон салымы үчүн Наталья Аринбасарова сыйланат


Наталья Аринбасарова - Орусиянын эмгек сиңирген артисти.

Наталья Аринбасарова - Орусиянын эмгек сиңирген артисти.

“Ак илбирс” улуттук кино фестивалынын “Дүйнөлүк кинематографияга кошкон салымы үчүн” номинациясы актриса Наталья Аринбасаровага ыйгарылат. Бул тууралуу фестивалдын уюштуруучулары кабарлашты. Маалыматка ылайык, сыйлык тапшыруу аземи 13-майда Бишкекте өтөт. Анда жалпысы 15 номинация боюнча сыйлыктар тапшырылат.

Орусиянын эмгек сиңирген артисти Наталья Аринбасарова кинодогу жолун Чыңгыз Айтматовдун “Биринчи мугалим” чыгармасы боюнча режиссер Андрей Кончаловский тарткан тасмада Алтынайдын ролун жаратуу менен баштаган. Андан соң бир нече тасмаларда, анын ичинде “Жамила”, “Улан” сыяктуу тасмаларда роль жараткан.

Былтыр "Ак илбирстин" “Дүйнөлүк кинематографияга кошкон салымы үчүн” номинациясы Өзбекстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, режиссер жана сценарист Али Хамраевге тапшырылган. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG