Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:44

Пакистандын түштүгүндөгү Карачи шаарында белгисиз адамдар укук коргоочу Хуррам Закини атып кетишти. Кол салуудан дагы эки адам жараат алды. Пакистан полициясынын маалыматы боюнча, мотоцикл минген куралчан адам белгилүү укук коргоочу жолдошу менен көчө боюндагы ресторанда отурган учурда кол салган. Укук коргоочу мерт болуп, досу жана дагы бир адам оор жараат алды.

Азырынча кол салууну ким уюштурганы белгисиз бойдон калууда.

Журналист жана укук коргоочу Хуррам Заки Let Us Build Pakistan интернет сайтынын жана ушундай эле аталыштагы Фейсбуктагы баракчанын редактору болчу. Бул баракчада дин боюнча либералдык көз караш жана экстремизмди айыптаган макалалар жайгаштырылчу.

Ошондой эле ал Исламбадагы Кызыл мечиттин имамы, экстремисттердин кеңешчиси аталган Абдул Азизга каршы кампания жүргүзгөн эле.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG