Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:48

Москвада беш байкерди өлтүрүүгө шектүү адам кармалды


Орус полициясы Москвада мотоклубдун беш мүчөсүн өлтүрүүгө шектүүнү кармады. Тергөөчүлөрдүн маалыматы боюнча, байкерлер бүгүн эртең менен Москвадан 100 чакырым түштүктөгү Челохово айылында өлтүрүлгөн. Алар аңчылык куралдан атылган.

Маалыматка ылайык, кармалган адам 27 жаштагы жергиликтүү тургун болгон. Ал айылдагы пиво заводдун кароолчусу болуп эмгектенген. Алардын ортосунда чыр чыгып, кароолчу байкерлерди атып салганы айтылууда.

Орус маалымат каражаттары байкерлер 9-майдагы Жеңиш күнүнө карата мото жүрүшкө даярданып жатканын жазып чыгышкан.

XS
SM
MD
LG