Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:54

Египетте чабуулда сегиз полиция кызматкери мерт кетти


Соңку үч жылдан бери Египетте укук коргоо органдарына каршы чабуулдар күчөп келет.

Соңку үч жылдан бери Египетте укук коргоо органдарына каршы чабуулдар күчөп келет.

Египеттин баш калаасы Каирдин жака белиндеги атышуудан сегиз полиция кызматкери набыт кетти. Өлкөнүн Ички иштер министрлигинен маалым болгондой, жекшембинин таңда белгисиз беткапчан адамдар полициянын автоунаасын токтотуп, аны көздөй ок чыгарышкан.

Чабуул үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” экстремисттик уюму өз мойнуна алды.

Соңку үч жылдан бери Египеттин аймагында укук коргоо органдарына чабуулдар күчөп келет. Эки ай мурда Синай жарым аралындагы өткөрмө бекеттеги жардыруудан 13 полиция кызматкери набыт кеткен. Ал каргаша үчүн да жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” экстремисттик уюму өз мойнуна алган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG