Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:39

Грецияда пенсия реформасына каршы демонстрация өттү


Жекшембиде миңдеген адамдар демонстрацияга чыгышты.

Жекшембиде миңдеген адамдар демонстрацияга чыгышты.

Жекшембиде миңдеген адамдар баш калаа Афиныдагы парламенттин алдына митингге чыгышып, пенсия реформасына каршылыгын билдиришти.

Демонстрацияны утурлай эки күн катары менен өлкөдө массалык иш таштоо болгон. 9-майда парламентте салык жана пенсияга байланыштуу жаңы мыйзам долбооруна добуш берүү өтөт.

Өлкөнүн премьер-министри Алекс Ципрас болжолдонгон кыскартуулар калктын жакыр катмарына эч кедергисин тийгизбестигин билдиргени менен, профсоюздар кезектеги катаал үнөмдөө чараларын кабыл алууга макул эмес.

Дүйшөмбүдө Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн министрлери Грециянын каржы маселелерине байланыштуу чукул жыйынга чогулушат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG