Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:55

Онкологиялык дартка чалдыккандарга жардамды көбөйтүү мыйзамына кол коюлду


Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстанда онкологиялык дартка чалдыккандарга даректүү жардамды көбөйтүү боюнча мыйзамга кол койду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Баатыралиев билдирди. Анын айтымында, мыйзам онкологиялык ооруларга атайын медициналык жардам көрсөтүүнү жакшыртуу жана бул жаатта бөлүнгөн каражаттарды ачыктыкты камсыз кызуу максатын көздөйт.

Мыйзам алкагында онкологиялык дартка чалдыккан 16 жашка чейинки балдар, мүмкүнчүлүгү чектелгендер, Улуу Ата Мекендик Согуштун ардагерлери, ата-энесинен ажыраган жетим балдарды дарылоону мамлекеттен каржылоо каралууда.

Кыргызстанда онкологиялык дартка чалдыккандардын саны көбөйтүп жатканы айтылып келет. Расмий маалыматтар боюнча, орто эсеп менен өлкөдө рак оорусуна чалдыккан 6 миң менен ашык оорулуу бар.(BkA)

XS
SM
MD
LG