Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:06

Эрнест Карыбеков дагы эки айга камакта калды


Эрнест Карыбеков
Эрнест Карыбеков

Оппозициянын бийликти басып алуу планына катышкан деген шек менен кармалган активист, энергетика маселелери боюнча эксперт Эрнест Карыбеков камактагы мөөнөтү эки айга узартылды. Бул тууралуу анын пикирлештери кабарлады. Бишкектин Биринчи май райондук соту 7-майда Карыбековдун камактагы мөөнөтүн 12-июлга чейин узартуу чечимин кабыл алды.

Энергетика маселелери боюнча серепчи Эрнест Карыбеков 25-мартта кечинде кармалган.

22-мартта интернетте «бийликти алууну жана бөлүштүрүүнү» талкуулаган деген айрым адамдардын сүйлөшүүсү чыккан.

УКМК бул тасма мурда козголгон кылмыш иштин жана расмий санкциянын негизинде жаздырылган аудио менен дал келерин айткан.

Буга чейин ошол тасмаларда айтылган сөзгө байланыштуу оппозиция өкүлдөрү Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров кармалып, экөө тең УКМКнын тергөө абагына камакта.(BkA)

XS
SM
MD
LG