Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:06

Лондондун мэри Холокосттун курмандыктарын эскерүүгө катышты


Садик Хан.

Садик Хан.

Лондондун мэри Садик Хан жекшембиде Холокосттун курмандыктарын эскерүү иш-чарасына катышты. Бул жаңыдан шайланган мэрдин биринчи иш-чарасы болду.

Лондондо мэр болгон алгачкы мусулман - Садик Хан бир нече миң лондондук менен бирге Экинчи дүйнөлүк согуш жылдары жок кылынган еврейлерди эскерди.

Садик Хан мүчө болгон Лейбористтик партиядан мэр шайлоодон бираз мурун израилдиктерге каршы пикирлери үчүн эки мүчөсү чыгарылып, чатак орун алган эле. Алардын бири Лондондун мэри Кен Ливингстон Гитлер “сионизмди колдогон” деген пикирин билдирген. Ливингстондун бул сөзүн партия жетекчилиги антисемиттик билдирүү катары баалап, анын партияга мүчөлүгүн токтоткон.

Жекшембиде Observer гезитине жарыяланган макалада Садик Хан бул чатак өз партиясынын кадыр-баркына доо кетиргенин билдирип, Лондондогу еврей жамаатынын пикири менен эсептешип турарын убада кылган.

45 жаштагы пакистандык мигранттарынын уулу Садик Ханды шайлоо учурунда атаандаштары диний экстремизмге сабырдуу мамиле кылат деп айыпташкан.

Бирок мындай жалаага карабай, мусулман мигранттын уулун лондондуктар шаар башчылыгына шайлашты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG