Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:33

Орусияда камактагы украиналык учкуч Надежда Савченко сот тарабынан салынган айыппулду төлөдү. Бул тууралуу учкучтун апасы Мария Савченко билдирди. Сот салган 30 миң рублди төлөө учкучтун мекенине өткөрүлүшүнө жол ачышы керек.

Надежда Савченко орусиялык журналисттерди өлтүрүүгө катышты деген айып менен 22 жылга кесип, орус-украин чек арасын мыйзамсыз өткөнү үчүн 30 миң рубль айыппул салынган.

Мария Савченкого айыппулдун төлөнгөнү тууралуу Надежданын адвокаты Николай Полозов кабарлаган. Алгач Украинага экстрадициялоо боюнча документтерди толтуруп жатып, Савченко айыппулду төлөөдөн баш тарткан. Бирок бул айыппулду төлөө мекенине кайтуунун шарттары экенин билген соң ага макул болгон.

Айыппул үчүн каражатты Украинанын консулдугу бөлүп берген.

Украина жана Батыштын лидерлери Орусияны Надежда Савченкону кандайдыр-бир шартсыз мекенине кайтарууга чакырып келишкен.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG