Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:27

Кыргызстанда айыккыс ооруга чалдыккан, ар дайым жардамга муктаж бейтаптардын дарылануусуна кеткен каражатты мамлекет моюнуна алат. Мындай мыйзамга президент кол койгонун “Азаттыкка” Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев билдирди. Анын айтымында, аталган мыйзамды 17-мартта Жогорку Кеңеш кабыл алган.

Мыйзамга ылайык, ар кандай өнөкөт оорулар өтүшүп кеткен бейтаптарга кеткен чыгымдарды мамлекет өзүнө алуу милдети каралган.

“Паллиативдик жардам кургак учук, онкологиялык оорулардын өтүшүп кеткен ооруларга жардам көрсөтүү. Буга чейин Кыргызстанда мындай түшүнүк болгон эмес. Быйыл атайын мыйзамдын негизинде жардам көрсөтөлү деп жатабыз”,- деди Батыралиев.

Батыралиевдин эсебинде, учурда паллиативдик жардамга муктаж болгон Кыргызстанда 3000дөн ашык оорулуу бар.

Бул жардам көрсөтүүнүн тартибин өкмөт аныктап, абдан муктаж болгондорге даректүү жардамды уюштурат.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG