Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:33

Президент согуштун ардагерлерине узак жашоону "буйруду"


Президент Алмазбек Атамбаев (ортодо). 2012-жылдагы Жеңиш майрамы

Президент Алмазбек Атамбаев (ортодо). 2012-жылдагы Жеңиш майрамы

Бишкекте Жеңиш майрамында сөз сүйлөгөн президент Алмазбек Атамбаев ардагерлерге кайрылып, башкы аскер командачысы катары аларга узак жашоо тилеп, "буйрук берди".

Президент Улуу Жеңиштин барк-баасын жаштар унутпашы керектигин белгиледи. Ал Орусиядагы фашисттик идеологияны колдогон скинхеддердин пайда болуусуна токтолуп, бул көрүнүш жаштар арасында Жеңиштин маанисинин унутулуп бараткандыгынын кабар берерин билдирди.

Бүгүнкү жеңиш маймарын Кыргызстанда 821 ардагер белгилеп жатат. Былтыр алардын саны 1200гө жакын болчу. Бүгүнкү күндө согуштун катышуучуларынын көбүнүн жаш курагы 90дон ашып калды.

Мындан тышкары 7997 адам - ооруктун ардагерлери жана согуш майданына барып келгендердин жесирлери.

Улуу Ата Мекендик согушка жалпысынан 365 миң кыргызстандык катышып, алардын 114 миңден ашыгы кайтпай калган. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG