Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:58

“Түнкү карышкырларды” Прагада нааразылык менен тосуп алышты


"Түнкү карышкырлар" тобунун жүрүшүнөн.

"Түнкү карышкырлар" тобунун жүрүшүнөн.

Орусиядан мотожүрүш менен Европага сапар тарткан “Түнкү карышкырлар” тобун жекшембиде Прагада чехиялыктар нааразылыктар менен тосуп алышты. Вацлав аянтында орус байкерлерине каршы активисттердин кыйкырыктары жаңырды. Окуя тартып алынган тасмада Украинанын, АКШнын, Европа Биримдигинин жана НАТОнун желектерин көтөрүп алгандардын “Баскынчылар жоголсун!” деген үндөрү угулат. Аларга жооп иретинде байкерлер сигнал берип, жолду улантышкан жана Олшан көрүстөнүнө барып, Совет аскерлеринин мүрзөлөрүнө гүл коюшкан.

Путинчил “Түнкү карышкырлар” тобунун Жеңиш майрамына карата Москва-Берлин багытындагы мотожүрүшү жыл сайын уюштурулат. Быйыл 29-апрелде жолго чыккан байкерлер бир канча Европа мамлекеттеринен өтүп, 9-майда Берлинге жетүүнү план кылышкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG