Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:26

Орусияда 22 жылга камалган украиналык учкуч Надежда Савченко Украинага кайтуу мүмкүнчүлүгүн алуу үчүн сот белгилеген 30 миң рублди төлөдү. Бул тууралуу жекшембиде анын апасы Мария Савченко билдирди.

2014-жылы Орусия менен Украинанын чек арасында орус журналисттеринин өлүмүнө шектелип кармалган учкуч быйыл март айында 22 жылга эркиндиктен ажыратылып, “чек араны мыйзамсыз кесип өткөн” деген негиз менен 30 миң рубль айыппул салынган.

Надежда Савченко күнөөнү мойнуна албай, айыппулду төлөөдөн да баш тартып келген. Анын адвокаты Николай Полозов айыппулду төгүү анын турмөдөн чыгуусуна шарт түзөрүн билдиргенден соң макул болгон. Акча Украина консулдугу аркылуу төлөнгөн.

Надежда Савченко Украинада камакта жаткан орусиялык эки аскерге алмаштырылышы ыктымалдыгы айтылып келет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG