Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:19

Жалбыз кошулган чай мээге жана эс тутумга пайдалуу


Чай жөрөлгөсү.
Чай жөрөлгөсү.

Чайлардын ичинен кайсынысы мээге жана эс тутумга жакшы деген суроонун үстүндө Британиянын окумуштуулары атайын изилдөө жүргүзүшүп, жалбыз кошулган чай адамдын психологиясы менен нерв системасына жагымдуу экенин аныкташты.

Нортумбрия университетинин илимпоздору 180 адамга жалбыз, ромашка жана кайнак суу берип, аларды ичкенден кийинки маанайын сураштырышкан. Жалбыз чай ичкендердин нерв системасындагы чыңалуу басаңдап, маанайы көтөрүлгөнү аныкталган. Изилдөөнүн жыйынтыгы Medical Science журналына жарыяланды. (BCh)

XS
SM
MD
LG