Тогуз ай мурун уурдалып, Сирияда туткунда турган испаниялык үч журналист 7-майда мекенине кайтышты. Хосе Мануэль Лопес, Анхел Састре жана Антони Памплиега жекшембиде Мадридге жакын Торрехен аскердик базасына жеткирилгенин жергиликтүү булактар кабарлашты.
Алар 2015-жылдын июль айында Алеппо шаарында уурдалган. Кабарларга караганда, журналисттерди “Ал-Каида” менен байланышы бар “Фронт ан-Нусра” тобу барымтага алган.
Испан өкмөтүнүн маалыматы боюнча, алар союздаш мамлекеттердин, айрыкча Түркия жана Катардын жардамы менен бошотулган.
2014-жылы да испаниялык үч журналистти согушкерлер туткундап, кийинчерээк бошотулган эле.