Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:23

Украинада жеңиш майрамы учурунда жаңжал чыкты


Киевдеги Жаңиш майрамындагы жаңжалга полиция арачы болду.

Киевдеги Жаңиш майрамындагы жаңжалга полиция арачы болду.

Киев шаарында бүгүн “Түбөлүк даңк” сейил багында Жеңиштин 71 жылдыгы белгиленип жаткан учурда жаңжал чыкты. “Азаттык” радиосунун украин кызматы кабарлагандай, эскерүү иш-чарасы учурунда айрымдардын георгий тасмасын тагынып алганы активисттердин тынчсыздануусун жараткан. Натыйжада эки тарап жаңжалдашып, полиция арачылап калган. Андан тышкары, активисттер “Оппозициялык блоктун” элдик депутаттары менен да кагылышып, тартип сакчылары ортого түшкөн. Ошондой эле “Өлбөс полк” жүрүшү учурунда согуш ардагеринин сүрөтүнө кызыл желек менен кошо георгий тасмасын көтөрүп чыккан жаран да кишилердин каарына калган.

Орусиячыл жана украинчыл активисттердин георгий тасмасына байланыштуу жаңжалы Харьков шаарындагы майрамдык иш-чарада да катталган.

Украина былтырдан бери 9-майды Улутчулдуктун үстүнөн орнотулган Жеңиш күнү катары белгилейт.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG