Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:33

Баткенде катуу шамал үч жүздөн ашык үйдүн чатырын учурду


Баткен облусунда 9-майдагы катуу шамал 350дөн ашык үйдүн жана 10дон ашык социалдык объекттин чатырындагы шыйпырларды учуруп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, шамалдын ылдамдыгы секундуна 28 метрге чейин жеткен. Жалпысынан турак үйлөрдүн 3900дөн ашык шыйпырын учуруп кеткен. Учурда келтирилген чыгым эсептелүүдө. (BkA)

XS
SM
MD
LG