Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:34

Президент энергетикадагы коррупцияны азайтууну тапшырды


Атамбаев Калиевди кабыл алды.

Атамбаев Калиевди кабыл алды.

Алмазбек Атамбаев 10-майда Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын төрагасы Айбек Калиевди кабыл алуу учурунда ушундай тапшырма берди. Президент ошондой эле тармакта жүргүзүлүп жаткан реформалар, жоготууларды азайтуу жана өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун бекемдөө үчүн холдинг чечкиндүү аракеттерди ишке ашыруусу керектигин белгиледи.

Айбек Калиев мамлекет башчысына тармактын иши жана алдыдагы жылытуу мезгилине даярдык боюнча иш чаралар тууралу маалымат берди. Ал ошондой эле негизги генерациялык объектилерди кайра жаңылоодогу ири энергетикалык долбоорлорду жүзөгө ашыруу жана энергетикалык тармакта реформаларды тездетүү иштери тууралуу да айтты.

Өткөн жылы энергетикадагы жоготуулар 1 млрд. 600 млн. кВт саатка жеткен.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG