Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:20

Германияга жаңы келген мигранттардын саны азайды


Германиядагы сириялык качкындар. 4-апрель, 2016-жыл.

Германиядагы сириялык качкындар. 4-апрель, 2016-жыл.

Өлкөнүн ички иштер министрлиги жарыялагандай, апрель айы ичи Германиядан качкын макамын сурап 60 943 чет элдик кайрылды.

Бул былтыркы жылдын ушул айы менен салыштырганда 25%га көптүк кылат, бирок быйылкы жылдын март айы менен салыштырганда болгону 1,6% гана жогору.

Ошондой эле быйыл апрель айы ичи качкын макамы аны сурагандардын 50%дайына гана берилди.

Мындан сырткары качкын макамын сурагандардын дагы 10%дайы Германияда башка себептерден улам турууга уруксат алды.

Жаңы келгендердин саны быйыл апрель айында 16 миңге түштү. Бул көрсөткүч мартта 21 миң, февралда 61 миң, январда 92 миң болчу. Келгиндердин көбү Сирия, Ирак, Ооганстандан.

Ал эми былтыркы жылы Германияга жалпысынан 1,1 миллион качкын жана мигрант кирген эле. Адатта өлкөгө киргенден тартып, качкын макамын расмий сураганга чейин бир нече ай убакыт өтөт. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG