Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:27

Пентагон Кундуздагы бомбалоо боюнча баяндамасын жарыялады


Бомбаланган оорукана имараты. 2015-жылы 13-октябрда тартылган сүрөт.
Бомбаланган оорукана имараты. 2015-жылы 13-октябрда тартылган сүрөт.

Анда АКШнын Ооганстандын Кундуз шаарындагы былтыр күздөгү ургаалдуу уруштарга тартылган америкалык аскерлер шаардагы оорукананын жаңылыш бомбаланышына ал жердеги башалмандык себеп болгонун билдиришкени айтылган.

Талиптердин согушкерлери Кундуз шаарын былтыр сентябрдын соңунда кыска убакытка ээлеп алышкан эле.

Бул окуя учурунда дүрбөлөңгө түшкөн ооган аскерлери АКШ күчтөрүн чукул жардам көргөзүүгө мажбурлаган.

Анда Кундузда “Чек арасыз дарыгерлер” уюму башкарган ооруканага бомба тийгенде бейтаптар менен дарыгерлерди кошкондо 42 адамдын өмүрү кыйылган.

АКШ мурдагы баяндамасында да бул аба соккусу жаңылыш болгонун, учкучтар оорукананы талиптер басып алган имарат катары кабыл алганын белгилеген.

Пентагон бул окуяга байланыштуу он алты аскерин жана офицерин тартипке чакырып, жазага тарткан.

Бирок, оорукана атайылап бомбаланбагандыктан, бул жерде эч кандай аскерий кылмыш болбогонун билдирген. (UE)

XS
SM
MD
LG