Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:36

Тажикстанга өкмөт башчы барат


CASA - 1000 долбоорунун картасы.
CASA - 1000 долбоорунун картасы.

Бул тууралуу премьер-министрдин басма сөз кызматынан “Азаттыкка” билдиришти. Ага ылайык, өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков баштаган делегация 11-12-майда Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында болот. 11-майда CASA -1000 долбоорунун расмий ачылышына катышат.

Мындан тышкары Тажикстандын жетекчилиги менен эки тараптуу жолугушуулар өтөрү белгиленген. Жолугушууларда кандай сөз болору азырынча белгисиз.

Иш сапар учурунда кыргыз-тажик чек арасы тууралуу маселе козголору жөнүндө азырынча маалымат жок.(ZKo)

XS
SM
MD
LG