Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:21

Түндүк Кореяда Эмгек партиясынын курултайы парад менен коштолду


Параддын катышуучулары. Пхеньян, 10-май, 2016-жыл.

Параддын катышуучулары. Пхеньян, 10-май, 2016-жыл.

Пхеньяндагы бүгүнкү шаңдуу жана түстүү парадга жүз миңдеген адам катышты.

Мунун алдында Эмгек партиясынын акыркы 36 жылдагы алгачкы курултайы кечээ расмий жабылган эле.

Курултайда өлкө лидери Ким Чен Ын партиянын төргалыгына бекитилип, ага келген 3400дөн ашуун делегат Кимдин өзөктүк куралды өнүктүрүү программасын да колдоду.

Бүгүнкү трибунага жолбашчы өзү да чыгып, параддан желектерди жана патриоттук ураан-чакырыктарды көтөрүп өтүп жаткандарга кол булгалап турду.

Башкаруусу авторитардык Түндүк Кореяда калк адатта парадга апталап даярданат жана ага катышуу милдеттүү деп эсептелет. (UE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG