Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:36

Британ премьери Ооганстан менен Нигерияны “жомоктогудай коррупциялашкан” деп атады


Дэвид Кэмерон.
Дэвид Кэмерон.

Дэвид Кэмерон бул тууралуу 10-майда Лондондогу кабыл алуу учурунда билдирген.

Бирок сөздөрү жаздырылып жатканын билген-билбегени анык эмес.

"Бизге айрым “жомоктогудай коррупциялашкан” өлкөлөрдүн лидерлери келе жатат, Нигерия менен Ооганстан балким дүйнөнүн эң коррупциялашкан мамлекеттери" - деген британ премьери алдыдагы антикоррупциялык саммитти эске алып.

Лондондо 12 –майда башталуучу глобалдык саммитке саясий жана бизнес, ошондой эле жарандык коомдун лидерлери да чогулууда. Анда коррупцияга каршы күрөшүү боюнча практикалык чаралар макулдашылуусу керек.

Саммиттин конок ээси - британ премьери айткан Ооганстан Transparency International уюмунун соңку рейтингинде 166, Нигерия 136-орунда турат. (UE)

XS
SM
MD
LG